Польшада абортко тыюу салынган чечимге каршы нааразычылык акциясы уланууда

Өлкөдө бойдон алдырууга дээрлик тыюу салган чечимге каршы нааразылык акциялары бир нече күндөн бери уланып жатат. Конституциялык соттун чечимине чейин эле Польшада жалпы Европадагы өлкөлөр арасында аборт боюнча эң катаал мыйзамдар иштеп келген. 1993-жылдан бери Польшада бойдон алдырууга үч гана себеп менен уруксат берилчү: эненин ден соолугуна коркунуч туулса, зордукталган болсо жана түйүлдүктүн жетишсиздигинен. Ушундан улам польшалык кыз-келиндер боюнан алдыруу үчүн башка мамлекеттерге чыгып келишкенин эксперттер белгилешет.
Укук коргоочулардын белгилөөсү боюнча, жыл сайын 80 миңден 120 миңге чейинки польшалык аялдар чет мамлекеттерде бойдон алдырышат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru