народный

Премьер-министр Садыр Жапаров досу Ташиевге кандай кызмат берет?

Премьер-министр Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевге кандай кызмат бере турганын азырынча ойлоно электигин маалымат жыйын учурунда билдирди.

Жапаровдун айтымында, ал Ташиев менен 15 жылдан бери тааныш. Бирге иштешип, Жогорку Кеңештин эки чакырылышында депутат болушкан.

Эске салсак, бүгүн парламент өкмөттүн курамын, структурасын жана программасын карап бекитип, өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровду бир добуштан колдоп беришкен. Ал эми президент аны өкмөт башчылыкка дайындап, жарлыкка кол койду.

Булак: Спутник

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru