народный

Президент өкмөт башчы жана өкмөт мүчөлөрү жөнүндө жарлыкка кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жана Өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда, «Кыргыз Республикасынын Премьер-министрин жана Өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, дайындалды:— Жапаров Садыр Нургожоевич Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына;— Новиков Артем Эдуардович Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри кызматына;— Мамытканов Максат Сүйүналиевич Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматына;— Исмаилова Аида Жекшенбаевна Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматына;— Сабиров Равшанбек Азатович Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматына;— Аманбаев Бактыбек Абдилашимович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси — министри кызматына;— Казакбаев Руслан Айтбаевич Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри кызматына;— Ниязбеков Улан Омоканович Кыргыз Республикасынын ички иштер министри кызматына;— Жаманкулов Марат Тургунбаевич Кыргыз Республикасынын юстиция министри кызматына;— Мукашев Кыялбек Белекович Кыргыз Республикасынын каржы министри кызматына;— Муканбетов Санжар Турдукожоевич Кыргыз Республикасынын Экономика министри кызматына;— Чодуев Эркинбек Урайымович Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына;— Бердалиев Бакыт Чырмашбаевич Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри кызматына;— Ажикеев Бообек Эргешович Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри кызматына;— Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызматына;— Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри кызматына;— Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри кызматына;— Кочкоров Улукбек Тойчубаевич Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына;— Сагынбаев Жыргалбек Калмуратович Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына;— Исмаилов Алтынбек Жапарович Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru