народный

Президент 8-мартта аялдарга акчалай сыйлык берет

  Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жыл сайын эле адаттагыдай айымдарга акчалай сыйлык берет. Бул тууралуу Түркмөнстандын orient.tm маалымат агенттиги жазып чыкты. 1-6-март күндөрү 60 манаттан ар бир ишкана же мекеменин кызматкер айымдарына берилет.«Жыл сайын болгондой эле, президенттин акчалай белеги пенсия, мамлекеттик жөлөкпул алып жаткан аялдарга, студенттерге жана жогорку окуу жайдан кийин билим алып жаткандарга, мектеп окуучуларына жана бала бакча тарбиялануучуларына берилет», – деп жазылат маалыматта. Түркменистанда бул салт катары калыптанып калган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru