Президент Халтмаагийн Баттулга Жапаровдун жеӊишин куттуктады

Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын президентин шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун шайлоо штабынын басма сөз кызматы маалымдады.

“Азыркы учурда тарых, маданий салт-санаа, демократия, адам укугу менен эркиндиги сыяктуу жалпы баалуулуктарга негизделген Монголия менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы мамиле менен кызматташтык бекемделип барат. Сиз менен мындай мамилелерди кеңейтүү жана тереңдетүүдө тыгыз кызматташтык улантыларына толук ишенем”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Халтмаагийн Баттулга Садыр Жапаровго чың ден соолук жана ишине албан-албан ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Кыргызстан элине өсүп-өнүгүү менен катар бардык жакшылыктарды каалады.

Leave A Reply

Your email address will not be published.