Президент капсула салган Лейлектеги курулуш эмнеге токтоп калганы айтылды

Коргоо министрлиги Лейлек районундагы аскер шаарчасынын курулуш иши башталбай жатканы туурасында маалымат берди.

Министрлик азыркы тапта башкы подрядчы компания аныкталып жатканын, буга байланыштуу курулуш иштери баштала электигин билдирди.

“Аскер шаарчасын курууга жер тилкеси трансформацияланып, участоктун укуктук тастыктоочу документтери алынды. Инженердик-геологиялык изилдөө, топографикалык сүрөткө тартуу иштери аяктады, архитектуралык пландоо жана инженердик-техникалык шарттары алынды. Сметалык долбоорлоо документтери даярдалууда”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарда президент Садыр Жапаров аскер шаарчасынын курулушуна капсула салып кеткенден кийин курулуш иш жүрбөй калганы айтылып, сүрөттөр жарыяланган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.