Президент коронавирус илдетин жуктуруп, ооруканага жатты

Чехиянын президенти Милош Земан коронавирус жуктуруп, ооруканага жатты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Бул тууралуу маалыматты президенттин басма сөз катчысы Иржи Овчачек да Твиттерде тастыктады. Президентке коронавирус диагнозу коюлганы менен оорунун сырткы белгилери жок. Ошол эле учурда, Česká televize билдиргендей, Земан коронавируска каршы үч эм алды. Саясатчы Прагадагы Борбордук аскердик госпиталга келди.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru