Президент Садыр Жапаров калкты эмдөөнү тездетүүнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртуу жана калктын коронавирус инфекциясына каршы иммунитетин күчтөндүрүү максатында Республикалык ыкчам штабга калкты эмдөөнү тездетүүнү тапшырды.

Президенттин Администрациясынын, Министрлер Кабинетинин, министрликтер менен ведомстволордун жетекчилерине, Министрлер Кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө, райондук мамлекеттик администрацияларга жана айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлерине эмдөөдөн өткөрүүнү камсыз кылуу тапшырылды.
Мындан сырткары Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине медициналык жана социалдык кызматкерлерди, ал эми Билим берүү жана илим министрлигине – билим берүү чөйрөсүндөгү кызматкерлерди толук эмдөөдөн өткөрүүнү камсыз кылуу тапшырылды.
Ошол эле учурда, бардык конфессиялардын диний кызматкерлерине, коомдук тамактануучу жайлардын, соода, тейлөө, транспорт, банк кызматкерлерине жана башка адамдар массалык түрдө топтолчу ишканалардын кызматкерлерине вакциналарды алуу сунушталат.
Ошондой эле, Президент Садыр Жапаров өлкөнүн бардык жарандарын өздөрүнүн жана айланасындагы адамдардын ден-соолугун коргоо үчүн аң-сезимдүү болуп, эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.