Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 27-мартта, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчылары коронавирус инфекциясын жайылтпоо, ошондой эле соода-экономикалык жана транспорттук-транзиттик тармактарда кызматташууну өркүндөтүү боюнча биргелешкен чараларды талкуулашты.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru