Президент уулун сүзүп өлтүргөн адамды кечиргенин айтты
Президент Садыр Жапаров 23-октябрдагы маалымат жыйында «Мен баламды сүзүп өлтүргөн адамды кечирдим», – деди.
Ал бул кырсык экенин белгиледи.
Садыр Жапаровдун 27 жаштагы уулу Дастан 2019-жылдын 26-августунда каза болгон. Ал 23-августка караган түнү Көк-Жар айылында кырсыкка кабылган.
Анын жанында К.Д. да болгон. Алар мотоцикл менен бара жатып «Тойота» унаасын сүзгөн. Жол кырсыгынын кесепетинен К.Д. баш мээсинен жаракат алган.