Президентти жана депутаттарды шайлоо мыйзамына өзгөртүү боюнча мыйзам жактырылды

Бишкек шаарындагы өзгөчө абал режими алынганына байланыштуу Жогорку Кеңештин Конституциялык комитети Кыргыз Республикасынын президенти менен Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүчү мыйзам долбоорун карап баштады.

АКИpress агенттигине комитеттин жетекчиси Канат Керезбеков билдирген маалымат боюнча, комитет долбоорду биринчи окууда колдоп, парламенттин кароосуна жөнөттү.

Депутаттардын тобу сунуштап жаткан мыйзам долбоордо шайлоодогу партиялардан талап кылынган чекти 7 пайыздан 3 пайызга түшүрүү, күрөөнү 5 млн сомдон, 1 млн сомго түшүрүү жана №2 форманы жокко чыгаруу сунушталган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.