Президенттик шайлоого канча млн сом кетээри аныкталды

Кезексиз президенттик шайлоону өткөрүүгө 549 миллион 161 миң сом талап кылынат. Бул тууралуу КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нуржан Шилдабекова өкмөттүн жыйынында билдирди. Маалыматка караганда, 2020-жылы бул сумманын 347 миллион 992 миң сому бөлүнүшү керек, калганы 2021-жылга каралган. «Бул боюнча Каржы министрлигине маалымат бердик. 347 миллион сомдун 211 миллион сому бизде бар, калган 147 миллион сомду бөлүп берүүнү суранабыз », – деди Шилдабекова. КР Каржы министри Кыялбек Мукашев БШКнын финансисттери менен сүйлөшүп, 136,5 миллион сом бөлүп берүү чечимин кабыл алгандыгын билдирди. Эске салсак, кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында болот.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru