Президенттин администрациясындагы мурдагы жооптуу катчы кармалды

Президенттин алдындагы жарандык боюнча комиссиянын мурдагы жооптуу катчысы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда Бишкек ШИИБден билдиришти.

Бишкек ШИИБдин Тергөө кызматы Түркиянын жарандарына Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз берүү фактысы боюнча Жазык кодексинин 319-беренеси (коррупция) менен ачылган сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүп жатат. Шектүү А.Э. Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Тергөөчүлөр аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоону улантып жатат.

Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, кармалган жаран — Эрнист Апилов. Ал 2015-жылы январь айында президенттин алдындагы жарандык боюнча комиссиянын жооптуу катчысы кызматына дайындалган. 2019-жылы ноябрь айында өзү жазган арыздын негизинде кызматынан бошотулган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.