Атамбаевдин жакын адамы Алмаз Үсөнов УКМКда сурак берүүдө

Президенттин Администрациясынын мурунку башчысы Алмаз Үсөнов 2-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка чакырылды. Бул тууралуу MediaCenter агенттиги жазып чыкты.

Туугандарынын айтымында, ал УКМКда эки сааттан бери сурак берүүдө.

“Суракка эмне үчүн чакырылганы боюнча кеӊири маалымат жок, анткени ал маалыматты ачыкка чыгарбоо тууралуу арызга кол койгон”, – деп кошумчалашты алар.

Президенттик шайлоодо Үсөнов талапкер Абдил Сегизбаевдин штаб башчысы болгон.

Leave A Reply

Your email address will not be published.