народный

Президенттин маалымат саясат бөлүмү Конституциянын авторлорун атады

Конституциянын жаңы редакциясын киргизүү жана референдумду белгилөө боюнча долбоордун авторлору Жогорку Кеңештин депутаттары болууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов билдирди.

“Алар эксперт жана юристтерди ишке тартып, Баш мыйзам боюнча өзүнүн вариантын даярдашты. Бирок документти парламенттин кароосуна киргизүү үчүн депутаттардын үчтөн экисинин колдоосу керек”, – деди ал.

Ал конституциялык кеңешме тууралуу айтып жатып, коомдук пикирди чогултуп, байкоо жүргүзгөн эксперттик топ түзүлөрүн билдирди.

“Баш мыйзамдын долбоору жакынкы күндөрү парламенттин расмий сайтына чыгарылат”, – деди ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru