Профессор Айылчы Сарыбаевдин үйүн тинтип, уулун УКМКга алып кетти

Экономика илимдеринин доктору профессор Айылчы Сарыбаевдин үйүндө тинтүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, анын уулун УКМКга суракка алып кетишкен.

“Бүгүн УКМКнын кызматкерлери келип, үйдү тинтип, уулум Алмазды УКМКга суракка алып кетишти. Үйдө усталар жасап берген бычактарды “холодное оружие” деп алыптыр. Менин уулум эч кандай кылмыш кылган эмес”,- деп жазылат маалыматта.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru