Профсоюздар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакунов милицияда сурак берип жатат

 Берилген маалыматка ылайык 12-мартта  мушташ Профсоюздар үйүндө болгон.

 Мирбек Асанакунов жеке күзөт кызматтарына кабинетти кайтартып койгондуктан иш бөлмөсүнө эч ким кире алган эмес. Окуя болгон жерге милиция барганда, өздөрүн күзөтчүбүз дегендер тартип сакчыларын да иш бөлмөгө киргизбей жаңжал чыккан. Мындан улам жаңжалдын бардык  катышуучулары райондук милиция бөлүмүнө жеткирилип учурда сурак берип жатышат. Алардын арасында Мирбек Асанакунов дагы бар.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru