Профсоюздардын мүчөлөрүнүн митинги өтүп жатат. Акциянын эки катышуучусу Өкмөт үйүнө кирди

Бишкекте Өкмөт үйүнүн жанында Профсоюздар федерациясынын мүчөлөрүнүн митинги өтүп жатат.

Курулуш профсоюздарынын мүчөсү Элдияр Карачаловдун айтымында, нааразычылык акциясынын эки өкүлү министрлер кабинетине киришти. Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева митингчилерди кабыл алды.

Кайрылуусунда ” Профсоюз” жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл албоону суранып, буга чейин бир нече эл аралык уюмдар дагы бул документтеги мыйзам бузууларды белгилешкен- деп билдирди Элдияр Карачалов.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru