Путин Казакстандын президентинин атын экинчи жолу жаңылыш айтып алды

Орусиянын президенти Владимир Путин Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен Орусиянын ЖККУнун бейпилдик күчтөрүн Казакстандан чыгарып кетүү маселесин талкуулап жатып, Казакстандын өлкө башчысынын атын туура эмес айтып алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрү биздин өнөктөшүбүз жана ал Казакстанда абал турукташтырууда абдан маанилүү роль ойноду. Бул өлкө башчы Касым-Жамы Кемелович Токаевдин сөзүнүн берген баасында”, – деген Владимир Путин.

Белгилей кетсек, 10-январь күнү өткөн ЖККУнун самитинде Орусиянын президенти Владимир Путин казак президентинин атын унутуп койгон. Саммит онлайн режиминде көрсөтүлүп Путин Касым-Жомарт Кемеловичти, Токаев Кемел Жанаевич деп атаган.

Орусиянын президентинин ысымдарды туура эмес айтып алганын биринчи учур эмес. Буга чейин ал экс-президент Сооронбай Жээнбековдун атын туура эмес айткан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru