Путин: ” Кыргызстанда президенттик шайлоо жогорку деңгээлде өтүшүнө кызыкдарбыз “

Россиянын Президенти Кыргызстанда өтө турчу шайлоо боюнча комментарий берди. Россия жана Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна мүчө мамлекеттер Кыргызстандагы президенттик шайлоону мыйзамдардын талаптарына ылайык

өткөрүүгө кызыкдар, деп билдирди Россиянын Президенти Владимир Путин.

– Биз президенттик шайлоолордун жогорку деңгээлде, конституциянын жана шайлоо мыйзамдарынын бардык талаптарын сактоо менен өтүшүнө абдан кызыкдарбыз. Биз силерди ар дайым колдойбуз ”, – деди Путин ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясында.

Leave A Reply

Your email address will not be published.