народный

Путин Түркмөнстан менен коопсуздук келишимин ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду

Россиянын Президенти Владимир Путин “Россия Федерациясы менен Түркмөнстандын ортосундагы коопсуздук жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Документ Россия Федерациясынын расмий укуктук маалымат порталына жарыяланды.

Келишимге 2003-жылы 10-апрелде Москва шаарында кол коюлуп, август айында документ Мамлекеттик Думанын кароосуна жиберилген. 21-октябрда мыйзам долбоору Мамлекеттик Думанын депутаттары тарабынан ратификацияланган.

Түркмөн парламентарийлери документти 24-октябрда ратификациялашты.

Документте мамлекеттер аралык  тынчтыкты бекемдөө, Борбор Азияда жана бүтүндөй дүйнөдө коопсуздукту арттыруу үчүн өз ара аракеттенишери белгиленген. Ушул кызматташтыктын алкагында тараптар “жалпы куралсыздануу жана жамааттык коопсуздукту чыңдоо, ошондой эле БУУнун тынчтык орнотуучу ролун күчөтүү жана регионалдык механизмдердин натыйжалуулугун жогорулатуу ишине салым кошуп, тышкы саясий ишмердүүлүктөрүн” координациялоону милдеттенишет.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru