Путин Тажикстанга расмий иш сапар менен барат

Россия федерациясынын президенти Владимир Путин расмий иш сапар менен Тажикстанга барары айтылууда. Ал Тажикстанда өтүүчү Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму жана Шанхай Кызматташтык Уюму аттуу мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн бара жатат.

Расмий сапардын алкагында эки өлкөнүн президенттери жана делегация мүчөлөрүнүн жолугушуусу өтөт. Андан тышкары эки өлкө башчы Душанбе, Хужант, Куляб, Бохтар жана Турсунзаде шаарларында курула турган орус тилдүү мектептердин пайдубалына капсула салуу салтанатына онлайн катышат.

Белгилей кетсек, Путин Тажикстанга ушул аптада өтө турган Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (15-16-сентябрь) жана Шанхай Кызматташтык Уюмунун (16-17-сентябрь) мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн бара жатат. Ага аталган эки уюмга мүчө мамлекеттин лидерлери катышат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru