народный

Рафаэль Физиев: “Чындыгында мен өлкөнү эмес, өлкө мени сатты”

Кыргызстандын атынан мелдештерге чыгуудан баш тарткан мушкер Рафаэль Физиев өзүнүн чечими акыркы эместигин айтты. Бул тууралуу ал ютуб каналындагы “Ушатайка” берүүсүндө билдирген.

“Мындан ары эмне болоорун билбейм. Менин чечимим акыркы жана кайра кайтарылгыс чечим деп дагы айта албайм. Бирок азырынча ушундай. Бул жерде мени чыккынчылык кылды, сатып кетти деп айтып жатышат. Чындыгында бул өлкө мага чыккынчылык кылып, сатып кетти”, – деди Физиев.

Эске салсак, Рафаэль Физиев буга чейин мындан ары Кыргыстандын атынан мелдештерге катышпайм деп жарыялаган. Бул билдирүүсү коомчулукта резонанс жаратып, спортчунун дарегине ар-түрдүү сын-пикирлер айтылган.

Ал декабрь айында Лас-Вегаста өткөн “UFC Vegas 44” турниринде Кыргыз өлкөсүнүн желегисиз чыккан.



Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru