Рафаэль Физиевдин кезектеги атаандашы белгилүү болду

Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев «UFC» мушташ уюмундагы кезектеги беттешин өткөрөт.

Ал 4-декабрда АКШнын Лас-Вегас шаарында «UFC Fight Night 199» мелдешинде мушташат.

Физиевдин атаандашы — жаңы зеландиялык спортчу Брэд Ридделл болот.

Ридделл карьерасында 10 ирет жеңишке жетишип, 1 жолу жеңилүү ызасын тарткан. Физиев дагы 10 беттеште утуп чыгып, 1 ирет утулган.

Ал эми «UFC» уюмунда Физиев биринчи беттешинде жеңилип калгандан кийин 4 ирет катары менен жеңишке жетишкен. Соңку 3 беттешинде мыкты мушташ көрсөткөнү үчүн кошумча 50 миң доллардан сыйлык алган.

Брэд Ридделл «UFC» уюмунда жеңилүү ызасын тарта элек. Ал аталган уюмда 4 беттеш өткөргөн жана баарында тең жеңишке жетишкен.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru