“Реал” командасы жеңишке жетти
Бүгүн, 2-мартка караган түнү футбол боюнча Испания чемпиондугунун 26-турунда мадриддик “Реал” командасы менен каталондук “Барселона” командасы оюн талаасына чыкты. Беттеш кызыктуу болуп, “Реал” командасы 2:0 эсеби менен жеңишке жетишти. Оюндун 71-мүнөтүндө бразилиялык 20 жаштагы Винисиус Жуниор эсеп санын ачса, 91-мүнөттө экинчи упайды Мариано Диас алып, оюнга чекит койду.
Бул жеңиштен кийин “Реал Мадрид” командасы 56 упай менен турнирдик жадыбалдын сап башына чыкса, “Барселона” командасы 55 упайы менен экинчи орунда.