«Республика» партиясы шайлоого катышпайт. Себеби эмнеде?

«Республика» партиясы 28-ноябрга дайындалган парламенттик шайлоого катышпайт.

АКИpress агенттигине аталган партиянын төрагасы Мирлан Жээнчороев билдиргендей, өткөн парламенттик шайлоону эске алуу менен бир нече партия күчүн бириктирип, бир тизме менен шайлоого барууну сүйлөшүп жатышкан.

«Шайлоо жөнүндө мыйзам каралып жатканда, шайлоодо бирдиктүү блок түзүү мүмкүнчүлүгү сунушталган. Тилекке каршы ал демилге Жогорку Кеңештин комитетинде колдоо таппай, четке кагылган. Ошондон кийин биздин партиялар шайлоого катышпайт, баарыбыз жаңы партия менен шайлоого барабыз деген чечим чыгарганбыз», – деди Жээнчороев.

Ал учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, «Республика» партиясынын айрым мүчөлөрү шайлоого катышпай турганын, айрымдары бир мандаттуу округдарда ат салышарын айтты.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru