Республикалык айтышта баш байгени Идрис Айитбаев жеӊип алды

20-июнда КРнын жана СССРдин эл артисти, Казакстандын калк артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, залкар төкмө акын Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына жана “Айтыш” коомдук фондунун 20 жылдыгына арналган республикалык айтыш өттү.

Айтыштын тандоо туру ишемби, 19-июнда “Манас” кинотеатрында өткөн. Ага 48 акын катышып, алардын ичинен эӊ жогорку упай алган 12 акын айтышка жолдомо алышкан. Бүгүнкү айтышта төкмө акындар Акматбек Султан уулу 60 – упай, Жылдызбек Төрөканов 60- упай, Идрис Айитбаев 60 – упай, Кубат Тукешов 59 – упай менен финалга чыкты. Финалда Акматбек Султан уулу менен Жылдызбек Төрөканов, Идрис Айитбаев менен Кубат Тукешов айтышты. Жыйынтыгында баш байгени төкмө акын Идрис Айитбаев жеӊип алды. Ал эми 1-орун Акматбек Султан уулу, 2-орун Жылдызбек Төрөканов, 3-орун Кубат Тукешов болду.

Баш байгени жеӊип алган Идрис Айитбаев алган сыйлыгын “Илим алууга жумшайм”, – деп билдирди.

Leave A Reply

Your email address will not be published.