народный

Республикалык штаб: “Нарынга эч ким кирип чыга албайт”

Нарынга кирип-чыккан транспорт кыймылына убактылуу чектөө киргизилди.

Коронавирус илдетин алдын алуу жана элдердин социалдык байланышына убактылуу чектөө киргизүүнү талап кылууда.

Ошол себептен бүгүндөн баштап Нарынга кирип-чыккан автоунаалардын каттамына бөгөт коюлуп, постторго көзөмөл күчөтүлдү. Ушул жагдайды эске алып, убактылуу сапарга чыкпай турууңуздарды эскертебиз.

Облус жетекчилиги тарабынан облустун аймагындагы эл каттамын, транспорт кыймылын көзөмөлгө алуу, тартипти катуу сактоо боюнча Нарын облустук ички иштер    башкармалыгына тапшырма берилген.

КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru