Республикалык штабдын 28-апрелге карата маалыматы

 

Кечээ, 28-апрелге карата 21 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Айыккандардын жалпы саны 416га жетти.



– COVID-19 инфекциясын жуктурган жаңы 13 учуру катталды.

– Жалпы жуктургандар – 708.

– Ооруканада – 284, анын ичинен реанимация – 6.

– Каза болгондор – 8.

– Обсервацияда 1012 адам жатат.

– COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 2 915.

– Екатеринбург-Бишкек чартердик каттамы менен 157 жүргүнчү учуп келди.

– Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын областынын Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтү 10-майга чейин узартылды.

– Үй карантинин бузгандар административдик жоопкерчиликке тартылууда.

– Өткөн суткада өлкө боюнча коменданттык саат убагында тартип бузгандардын саны 72ни түздү.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru