Режиссёр Бакыт Карагулов каза болду

Бул тууралуу депутат Садык Шер Нияз баракчасына жазып чыкты:

“Акырындап көнө берет окшойбуз го.
Дагы бир жамандык болуптур. Бакыт Карагулов агабыз өтүп кетти деген суук кабар уктум. Эх Баке. Жаркылдаган киши элеңиз, сиз менен баарлашып олтуруу бир керемет эле. Кайсыл тема болбосун каалагандай калчап берер элеңиз. Тамашаңыз элде жок, чукугандай сөз таап, бирок сиздин тамашаңыз эч кимди таарынтпас эле. Мен сизге дайым суктанчымын. Сиздин учкул сөздөрүңүздү жаттап алып башкаларга айтып берип жатканда баары бир сиздей айта албасымды сезип турчумун. Сиз тарткан “Бороондуу бекет” дагы канчалаган чыгармаларыңыз калды артыңызда. Эркелеп доор сүрдүңүз. Наркы дүйнөдө да кудайым сизди өз кучагына алсын”-деди ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.