народный

Роналду 100- жеңишин майрамдап жатат

Футбол боюнча Португалия курама командасы  улуттук Андорра курама командасын жолдоштук беттеште  7: 0 эсебинде жеңди. Беттеш команданын лидери Криштиану Роналду үчүн юбилей болду. Бул тууралуу Интерфакс билдирди.

Бул Роналду үчүн улуттук курама командадагы жүзүнчү жеңиш.

Беттеш Москва убактысы боюнча бейшемби күнү кечинде Лиссабондо болуп, голдордун бирин Роналду киргизди. Бул гол өз кезегинде анын улуттук курама командадагы 102-голу болуп калды.

Роналду 2003-жылы Португалияда улуттук курама командада дебют жасап,  команда үчүн жалпы 168 беттеш өткөргөн.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru