народный

Россия короновируска каршы чектөөлөрдү киргизди

Россия кытай жарандарына кирүүгө тыюу салат. Тиешелүү токтомго премьер-министр Михаил Мишустин кол койду. Чектөөлөр эмгек мигранттарына, студенттерге жана туристтерге да тиешелүү. Мындай кадам,  коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү чарасы болуп аталды.

Кирүүгө тыюу салуу менен катар жумушчулар, окуу жана туристтик виза алуу үчүн Кытай жарандарына зарыл болгон чакырууларды жана уруксаттарды тариздөө токтотулат. Эске салсак, Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялашкан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru