Россия Кыргызстанга каржылык жардамды жандандырат

Россия Федерациясы тарабынан Кыргызстанга каржылык жардамды акырындык менен калыбына келтирүү маселеси макулдашылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Москва шаарында Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Артём Новиков менен Россия Федерациясынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары Дмитрий Козактын жолугушуусу учурунда макулдашуулар жетишилгени белгиленди. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар ошондой эле Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаалдын учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты.
Артем Новиков 2020-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстандын ички саясий абалын турукташтырууда Россия Федерациясынын өзгөчө ролу үчүн ыраазычылык билдирди.

“Тараптар эки тараптуу форматта жана интеграциялык өз ара аракеттенүүнүн алкагында Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелеринин топтомун талкуулашты”, – деп айтылат билдирүүдө.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru