народный

Россия ЖОЖдорунда акысыз билим алуу үчүн сынак 2-мартка чейин уланат

Россия өкмөтү 2020-2021-окуу жылына карата Кыргызстандын жарандары үчүн бөлгөн гранттык орундарга документтерди кабыл алууну улантып жатат. Бул туурасында, билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирмелерди кабыл алууну Кыргызстандагы Россия кызматташтык агенттиги EDU.RS.GOV.RU (https://future-in-russia.com/) порталында 2-мартка чейин жүргүзөт.

 Россия кызматташтык агенттиги бюджеттик орундар үчүн гана талапкерлерди кабыл алууда, алар башка ортомчу уюмдар менен кызматташпайт. Кандайдыр бир сый акы үчүн анкетаны толтуруп берүүнү көздөгөн ортомчу же алдамчылардан этият болууга чакырат аталган министрлик. Документтерди тапшыруу акысыз жана онлайн режимде жүрөт.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru