Россияда 17 жаштагы кыргызстандык кыз 5-кабаттан кулап түштү

Подмосковьеде 17 жаштагы кыргызстандык кыз  5-кабаттан кулап кетти. Бул тууралуу   Turmush басылмасына кыздын  энеси билдирди.

Дилрабо Эшанкулова көп жылдар бою кызы менен Россия Федерациясында эмгек миграциясында жүргөн. Анын кызы Ж.Турсунбаева Москвадагы мектептердин биринде окуйт.

12-ноябрда 17 жаштагы Жаңылай Турсунбаева Подмосковьеде достору менен сейилдеп жүргөн. Кырсыктын кесепетинен ал көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынан кулап кеткен. Кыздын жамбаш сөөктөрү майдаланып, оң бөйрөгү бөлүнүп калган. Мындан тышкары, анын кабыргалары сынып, өпкөсү жабыркаган. Бүгүн ал Москвадагы ооруканалардын биринде. Дарыгерлер Жаңылайга 10 күндүн ичинде татаал жана кымбат операция жасалышы керектигин айтышкан.

38 жаштагы жалгыз бой эне Д.Эшанкулова кайдыгер эмес адамдардан кызын куткарууга жардам сурайт.

Сбербанк картасы: 4276 4000 6563 6764

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru