Россияда 378 адам короновирустан каза тапты
Россияда акыркы бир суткада 378 адам коронавирус инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу COVID-19 менен күрөшүү боюнча оперативдүү штаб билдирди.
Өлүмдөрдүн көпчүлүгү Москвада – 69 жана Санкт-Петербургда – 54 катталган.
Ошентип, Россиядагы коронавирустун курмандыктарынын жалпы саны 29 887 адамга жетти. Россия Федерациясында COVID-19 пандемиясы башталгандан бери 1 733 440 адам аныкталып, анын 1 296 124ү айыгып, 407,1 миң бейтап дарыгерлердин көзөмөлүндө.