Россияда беш адамдын табыты мекенине жөнөтүлбөй турат. Элчи Аликбек Жекшенкулов дипломаттар менен жолукту

 7-апрель күнү  Россия менен Кыргызстандын дипломаттарынын жолугушусу болуп өттү.  Мындай маалыматты “kginfo.ru” сайты кабарлады. Бул жолугушууну Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов сунуштаган.

Басылма билдиргендей эки өлкөнүн дипломаттары жарандарды алып кетүү иштери боюнча сүйлөшүүү жүргүзүшкөн. Ошондой эле каза болгон жарандардын  кайда коюулуусу керек деген да сөздөр болгон.

“Бүгүн Москвада  ар кандай себептер менен каза тапкан беш жарандын сөөгү мекенине жөнөтүлбөй турат. Кыргызстан мусулман өлкөсү, каза болгон жарандар мүмкүн болушунча тез арада жерге берилиши зарыл. Мындан сырткары бир нече жарандар өлкөсүнө кете албай жатышат. Биз муну чечишибиз керек”-дейт элчи Аликбек Жекшенкулов.  Ошондой эле эгерде туугандары уруксат берсе мусулман көрүстөнүнө жайгаштыруу абдан кымбат баада. Сүйлөшүүлөр дагы улантылып, маселе чечилсе жок дегенде Бишкек менен Ош шаарына учак бир күндө бир жолу учса биринчи рейс менен жаш балдар, кош бойлуулар жана табыттар кары картаңдар жөнөтүлөт деп жазат

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru