Россияда бир суткада 8328 адамдан COVID-19 табылды

Россияда акыркы суткада COVID-19 менен ооругандар 8 миң 328ге көбөйүп, жалпы өлкө боюнча 4 млн 597 миң 868 адамга жетти. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.  “Акыркы суткада Россиянын 85 аймагынан коронавирус инфекциясынын 8 миң 328 жаңы учуру катталды, анын ичинде 1 миң 8 учур (12,1%) клиникалык белгилери жок активдүү түрүндө аныкталган”,-деп айтылат маалыматта.

Россияда пандемия башталгандан бери 4 млн 597 миң 868 учур катталган. Өсүү темпи 0,18%ды түзөт.

Leave A Reply

Your email address will not be published.