Россияда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 28ге жетти

 Россияда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 28ге жетти. Бул тууралуу, коронавирус инфекциясы менен күрөшүү жана алдын алуу боюнча ыкчам штабдын билдирүүсүн чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, акыркы сутканын ичинде Россияда коронавирус менен ооруган жаңы сегиз учур катталган. Анын ичинен алтоо Москва шаарында, экөө Москва облусунда. Баардыгы акыркы эки жуманын ичинде Италиядан келгендер.

“Учурда баардык ооругандар атайын инфекциялык бокстордо кармалууда. Андан тышкары, инфекция жуктургандар ким менен жакын мамиледе болсо, ал адамдардын баардыгы текшерүүдөн өтүшүүдө”-деп кошумчаланат маалыматта.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru