Россияда кыргызстандык айдоочунун унаасына ок атылды

Россиянын Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын 31 жаштагы жараны башкарып бара жаткан «Киа Рио» унаасына ок атылды. Бул тууралуу россиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазууда.

Окуя 14-ноябрда күндүз болжол менен саат 11:00 чамасында болгон. Айдоочулардын ортосунда чыр чыгып, алардын бири – «ГАЗель» унаасынын айдоочусу «Киа Рио» унаасына 4 жолу ок аткан.

Полиция кызматкерлери бир сааттан кийин бейбаш айдоочуну колго түшүрүшкөн. Ал Азербайжандын жарана экени белгилүү болду. Анын жанынан травматикалык тапанча табылган.

Аталган факт боюнча ээнбаштык беренеси менен кылмыш иши козголду.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru