Россияда кыргызстандык таксист чет элдик унааны сүзүп, качып кеткен -(ВИДЕО)

Россияда Кыргызстандык таксист чет элдик унааны сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.  Бул тууралуу окуянын күбөлөрү социалдык тармактарда билдиришти.

 Алардын айтымында, мигрант токтоп турган БМВ үлгүсүндөгү унааны сүзүп, машинасынан түшүп, метрого кирип кеткен бойдон из жашырып кеткен.  «Таксист мас абалда болгон, унаасында пивонун  бөтөлкөлөрү жана айдоочунун документтери  табылган », – дешет жол кырсыгынын күбөлөрү.

 Бирок окуя кайсы шаарда болгондугу көрсөтүлгөн эмес.

Leave A Reply

Your email address will not be published.