народный

Россияда метал, арматурага 15%га чейин экспорттук пошлина киргизүү каралууда

Россиянын антимонополиялык кызматы метал менен арматурага, жарым жылдык экспорттук пошлина киргизүүнү сунуштады.

Акыркы учурда метал жана арматуранын базар баасы кескин өсүп кеткен, куруучулардын нааразычылыгын жараткан.

Бааларды туруктуу кармап туруу үчүн, антимонополия кызматы экспортко пошлина киргизүүнү сунуштаган.

Сунуштамага ылайык темир сыныктарына 15%, болотко 13%, арматурага 12% пошлина каралууда.

 Федералдык антимонополия кызматы баалардын өсүп кетүүсүн ушул учурда тыкыр көзөмөлгө алганын билдирет.

 “ФАС метал жана арматуранын баасын тыкыр көзөмөлгө алууда. Эгер антимонополиялык мыйзам бузуу байкалса, тийиштүү чара каралат” деп билдирет ФАСтын  өкүлдөрү.

Эскерте кетсек метал өнүктүрүү боюнча Россия дүйнөдө 5- орунда турат. Бир несе мамлекеттерге, анын ичинде Кыргызстанга да метал экспорттойт.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru