народный

Россияда жол кырсыгында 26 жаштагы кыргызстандык каза болду

Россияда жол кырсыгында 26 жаштагы кыргызстандык каза болду. Бул туурасында Чувашиянын Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсык 26-февраль күнү болжол менен саат 23:00дө М-7 “Москва-Уфа” жолунун 605 чакырымында болгон.

Чувашиянын ИИМнин маалыматы боюнча, Hyundai Getz унаасын айдаган 26 жаштагы кыргызстандык телефон менен сүйлөшүп бара жатып, унаасы карама-каршы тилкеге чыгып кеткен. Алгач анын унаасы ГАЗ, андан кийин Chevrolet Lacetti унаасы менен кагылышкан.

Жыйынтыгында Hyundai Getz унаасынын айдоочусу окуя жеринде каза болсо, унаанын ичиндеги 18 жана 20 жаштагы эки жүргүнчү ооруканага жеткирилген.

Кийинчерээк Chevrolet Lacetti унаасынын 24 жаштагы жүргүнчүсү да ооруканага кайрылган.

Текшерүүдөн кийин бардык айдоочулар мас болбогондугу аныкталган. Жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru