Россияга алып кетебиз десе ишенбегиле! Казак чек арасында калып кеткен мигранттар кыргыз жарандарына кайрылды

Кыргызстандан Россияга бара жаткан кыргыз жарандары россия-казак чек арасында өтө албай турушат. Бул тууралуу Эркиндик Медиа маалымат агенттигине күбөөлөр билдирди.

Маалым болгондой, чек арадан өтө албай жаткан жарандар Бишкек шаарынын Кулуев менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинен жолго чыгышкан.

“Казакстан тарапка эптеп өттүк, казак-россия чек арасында өтө албай турабыз. 4 суткадан бери ачкабыз. Кулуев менен Рыскуловдун кесилишинде чыга албай жаткандар канча. Бизди “өтөсүңөр” дегенден, ишенип чыкканбыз. Эми мынтип өтө албай турабыз. Ар бирибизден 35-40 миңден алышкан. Азыр жол киребизге дагы акча калбай калды. Бишкектегилерге кайрылуу, чыкпагыла жолго. Биз кыйналып калдык”,-дейт чек арада тургандардын бири.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru