Россиялык Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Тони Фергюсондун беттеши өтпөй калды

Россиялык Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Тони Фергюсондун беттеши өтпөй калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, эки мушкердин беттеши 18-апрелде Нью-Йорк штатында өтмөк.

“Нью-Йорк штатынын Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун (CDC) сунушуна ылайык, Атлетикалык комиссия UFC 249 мелдешин Нью-Йоркто өтпөй турганын билдирген”, – деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Нью-Йорктун бийлиги коронавирустун жайылышынан улам массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салган.

Ошондой эле UFC уюмунун президенти Дэйна Уайт беттешти өткөрүүгө башка жер табарын айткан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru