народный

Россиянын кургак учук ооруканасынын медайымы баланы чачынан кармап, төшөккө ыргытып жиберди

Социалдык тармактарда жергиликтүү кургак учукка каршы оорукананын медайымы баланы чачынан алып, төшөккө ыргытып жиберген видео пайда болгондон кийин Новосибирск шаарынын тергөөчүлөрү текшерүү иштерин жүргүзүшкөн. Бул туралуу 6-ноябрда Россиянын Тергөө комитетинин Новосибирск облусу боюнча Тергөө башкармалыгы билдиргенин Central Asia жазып чыкты.
«Интернетте кургак учукка каршы оорукананын медайымы жаш баланы чачынан алып, төшөккө ыргытып жиберген видео жарыяланды. Мындан тышкары, видеонун автору медайымдын мындай иш-аракеттери системалуу деп ырастоодо. Бул билдирүүгө ылайык, Россиянын Тергөө комитетинин Новосибирск облусундагы тергөө органдары тергөө алдындагы текшерүүнүн материалдарын каттоого алышкан », – деп айтылат билдирүүдө.
Текшерүү учурунда тергөөчүлөр балдарга карата жасалган орой мамиленин бардык жагдайларын аныктап, тиешелүү чечим кабыл алууну көздөп жатышат.
Кийинчерээк медайымдын иштен убактылуу четтетилгендиги кабарланган.
Окуяны иликтөө үчүн Россия Федерациясынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Новосибирск облусундагы Балдардын укуктары боюнча комиссары Надежда Болтенконун биргелешкен комиссиясы түзүлдү.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru