Роза Отунбаева элдин эс тутуму кыска экенин айтып, себебин түшүндүрдү

 Бул тууралуу экс президент  Клоопко маек берип жатып билдирди:

«Элдин эс тутуму таң калаарлык кыска. Өткөндүн сабактарын абдан жакшы кайталап окуп чыгышыбыз керек: президенттик, авторитардык-үй-бүлөлүк бийлик биринчи да, экинчи президентти да кулатууда ачуулантты. Экинчиси жөн гана Кокон хандыгын куруп жатты, ага далил жык-жыйма. Атамбаев ошолорго каршы көтөрүлгөнү менен өзү да авторитардык башкаруудан артта калбады.

Парламенттик башкарууну толук эмес он жылда дагы деле даамын татпадык, сезген жокпуз аны өздөштүрүп, түшүнүүгө да үлгүрбөдүк. Эми болсо кайралган электорат толук токтотууну талап кылып, бардыгын бир күчтүү колдун алдына түртүп жатат. Жаш, алсыз, кедей өлкөлөрдүн тагдыры ушундай экен да, аңгектен качсаң дөңгөккө. Убакыт бардыгын орду-ордуна коёт деп ишенем», — деди Отунбаева.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru