“RT” телеканалы мигранттардын турмушун чагылдырган шоу берүү тартып баштады

Россиянын  “RT” телеканалы мигранттардын жашоосун чагылдырган «Урюк и клюква» шоу программасын чыгарып баштады.

“Биз Россиядагы параллелдүү жашоону чагылдырып бергибиз келет. Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан 8,5 млн мигрант жашайт, бирок биз алар тууралуу көп нерсе биле бербейбиз”- дейт долбоордун уюштуруучулары.

Автор мигранттардын жашоосун ачып берүүнү көздөйт. Подкасттын алгачкы коногу Өзбекстандын белгилүү актрисасы Зарина Низомиддинова менен социолог Анна Рочева болгон.

Эскерте кетсек, мурдараак Россия курулуш тармагында иштей турган мигранттарды кабыл алуу талаптарын жеңилдетээрин кабарлаган. Болгону COVID-19дан таза деген тесттин жообу керек. Тест учуу күнүнөн 3 күндөн көп болбошу керек.

Leave A Reply

Your email address will not be published.