Рыскелди Момбеков: “Мен шайлоодон четтетилген жокмун”

Депутаттыкка талапкер Рыскелди Момбеков шайлоодон четтетилбегенин жарыялады. Бул боюнча ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу видео кайрылуу жасады.

“Урматтуукыргыз элим. Кечээ кечке мен мени шайлоодон четтеткен БШКнын чечими боюнча Бишкек шаардык административдик сотуна кайрылдым. Бул деген БШКнын чечими токтогонун билдирет. Демек, сиздер шайлоого келип, мага добуш берсеңиздер болот. Бишкек шаардык сотунун жыйыны бүгүн саат 16:00дө башталат. Бирок, бул соттун чечими дагы акыркы болуп эсептелбейт. Анткени, мыйзамдын талабы боюнча Жогорку сот гана акыркы чечимди чыгарат. Бул 1 жумалык иш. Сиздер шайлоого келип мага добуш берсеңиздер болот”, – деп билдирди талапкер Момбеков.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru