Рыскелди Момбеков жол талаша кетип, таксистти жан сакчысы экөөлөп сабап салды

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков жана анын жансакчысы таксистти сабаган деп шектелүүдө. Бул маалыматты Svodka.AKIpress агенттигине булактар билдирген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя 3 -сентябрда “Россия” кинотеатрынын жанында болгон. Чырдын чыгышына айдоочулардын жолду бөлүшпөгөнү себеп болгон.

Бул маалыматты Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады. Милицияга чалуу кечки бешке жакындап калганда келген. Окуя болгон жерге Патрулдук милиция кызматынын инспектору келишип, алар “БМВ” үлгүсүндөгү унаанын 1994 -жылы туулган айдоочусун укук коргоо органдарына алып келишкен. Айдоочу Момбековго жана анын жансакчысына каршы арыз жазган. Анын айтымында, ал алар тарабынан сабалган.

Бул факт Бирдиктүү реестрге Кылмыш -жазык кодексинин 119 -беренеси (“Майда хулиганчылык”) боюнча катталган.

«Алган жаракаттарынын даражасын аныктоо үчүн жаран С.И. соттук -медициналык экспертиза дайындалды, анын жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет », – деп кошумчалады басма сөз кызматы.

Бирок, депутат Момбеков өзү сабаган фактыны четке кагууда.

Депутат АКИpress агенттигинин комментарийлеринде айткандай, чынында эле, башка айдоочу эрежени бузуп, авариялык абал жараткан, бирок ал Чүй менен Манас проспектилеринин кесилишинде болгон. Момбеков өзү айдап бараткан. Айдоочулар токтошкондо Момбеков берки айдоочу жанына келгенче машинада болчу. Экөө тең бири -бирине доомат кое баштаганда патрулчулар келип калышкан.

Бирок, депутат айдоочунун уруп- сабоо тууралуу арыз жазганынан кабары жок экенин айтты.

«Жолдогу эрежени ал бузду, аны Коопсуз шаардын камераларынан көрө аласынар. Уруп- сабоо болгон жок, мен машинанын ичинде болчумун », – деди Момбеков.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru